Бишкекте коронавирустун 148 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте абал күн сайын курчуп бара жатат.
"Урматтуу шаардыктар, үй-бүлөлүк иш-чараларды токтотуп турууну суранабыз. Көп адамд топтолгон жерлерден алыс болуңуздар. Базар, дүкөндөргө үй-бүлөнүн бир гана мүчөсүн жөнөтүңүздөр. 65 жаштан улуу адамдардын коомдук жайга баруудан алыс болуп, үйдө отурууга чакырабыз",- деди Рыскулбекова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн