Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте 15 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган жаран кармалды

04.03.2022 15:15
655
Бишкекте 15 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган жаран кармалды

Бишкекте 20 жаштагы адам өспүрүм кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө айыпталып кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында 2006-жылы төрөлгөн кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Иликтөө иштеринин алкагында 2002-жылы төрөлгөн Ж.Э. аттуу адам кармалган.


Тергөө иштери башталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эрнисбек Кошбаев
Эн биринчи кезекте тергоо мыйзамдуу болуушу зарыл.