20-майда Бишкекте 15 жаштагы бала 16-каабаттан кулап түшүп каза болду. Бул тууралу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
20-майда эртең мененки саат 11лер чамасында ИИМге Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн терезесинен бир жигит кулап кетти деген маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.
Милиционерлер 2006-жылы туулган А.Р.нын белгисиз жагдайлар менен 16-кабаттын балконунан кулап кеткенин аныкташкан. Дарыгерлер жигиттин өлүмүн такташты. Ал ошол замат көз жумган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн