Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:15
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Бишкекте 16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки жаран камактан бошотулду

08.07.2022 14:16
556
Бишкекте 16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки жаран камактан бошотулду


Бишкекте 16 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган эки жаран камактан бошотулду. Бул тууралуу "Балдардын укугун коргоочулар лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова Facebook баракчасына жазды.


Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков чыгарган.


«Бүгүн КР Кылмыш-жаза кодексинин жашы жете электерге карата «Зордуктоо» беренеси боюнча өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыпталган эки адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук отурум болуп өттү. Кыз алган жараатынан өлүп кала жаздады. Судья алардын баш коргоо чарасын ал жерден чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүп, сот залынан бошотту», — деп жазган Назгүл Турдубекова.


Белгилей кетсек, Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө жабырлануучунун апасы кайрылган. Былтыр 13-августтан 14-августка караган түнү Жумабек жана Осмонкул көчөлөүнүн кесилишинде жашы жете элек кызды бузуку формада зордукталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн