Бугу 11, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте 19 мектеп салттуу окутуу режимине кайтып, 4 мектеп карантинге жабылган

03.02.2022 11:13
588
Бишкекте 19 мектеп салттуу окутуу режимине кайтып, 4 мектеп карантинге жабылган

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарында 4 мектеп жана 3 бала бакча коронавирус оорусуна байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 19 мектеп карантинден кийин салттуу окутуу режимине кайтты.


Ошентип, Ленин районундагы №9, 13 мектептер жана Октябрь районунда №14 мектеп онлайн форматта окуп жатат.


Ошондой эле №104, 148 жан 61 бала бакчалар карантинге жабылган.


Салттуу окутуу режимине Октябрь районундагы №17, 26, 62, 88; Биринчи май районундагы №6, 18, 28, 70, 61, 48; Свердлов районундагы №4,11,12,30,32,38,67,52, 33 мектептер кадимки окууга кайтты.


“Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар. Сиздерди жана сиздердин жакындарыңыздарды сактоонун төрт гана эрежеси бар: бет кап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана эң башкысы эмдөөдөн өтүү”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн