Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте 2 жаран жабырлануучунун телефонун тоноп, көрүстөнгө алып барган

31.10.2021 15:41
592
Бишкекте 2 жаран жабырлануучунун телефонун тоноп, көрүстөнгө алып барган

Бишкекте адам уурдоо жана тоноо фактыларына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган райондун милиция бөлүмүнө М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 12-сентябрда 1300 долларлык iPhone 12 үлгүсүндөгү телефонун саат 03:00 чамасында Чортеков-Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдар ачык эле тартып алганын, андан соң күч колдонуу менен унаага салып, шаардын четиндеги көрүстөндөрдүн бирине алып барышкан (жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн) белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.


Бул факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тергөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жана 1997-жылы туулган эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Бишкектин Ленин райондук соту шектүүлөргө карата эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.


Учурда кармалгандардын башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн