Кулжа 17, 2025
Убакыт: 13:53
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Бишкекте №206 маршруттук каттамдын ордуна автобус каттай баштайт

16.12.2021 13:53
501
Бишкекте №206 маршруттук каттамдын ордуна автобус каттай баштайт

Мындан ары №206 маршруттук каттамдын ордуна №41 автобустук каттам жүрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын кабарлашты.


Маалыматка ылайык, шаардыктардын жана «Мурас-Ордо» конушунун тургундарынын кайрылуусу боюнча №206 кичиавтобустук каттам канааттандырарлык эмес иштеп жаткандыгына байланыштуу жана «Жазада-Транс» ЖЧКсы тарабынан шаар алдындагы келишимдик милдеттенмелери аткарылбай жаткандыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (ШТБ) жогоруда аталган ишкана менен келишимдик мамилелерин токтотту.


Жогорду аталган кичиавтобустун жабылышына байланыштуу, №41 автобустук каттам («Мурас-Ордо» ж/к – Ош базары) 3 айлык мөөнөт менен сынак өткөрүлгөнгө чейин «Шыдыр Жол Кей Жи» ЖЧКсына бекитилди. Келишимге кол коюлду.


Бүгүнкү күндө №41 автобустук каттам пландык чыгуусу 10 бирдик менен линияга 7 бирдик чыгууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн