Бүгүнтөн баштап №28 мектеп карантинге жабылды. Бул туурасында Биринчи Май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева брифингде билдирди.
Анын айтымында, 13-апрелге карата аталган аймакта сасык тумоо менен 824 мектеп окуучулары, 8 мугалим ооруп жатат.
Пневмония менен 1 окуучу, 5 мугалим ооруп жатат.Дагы 2 мугалим коронавирус жуктуруп, ооруканда дарыланууда.
Мектептерде билим берүү калыбына келтирилгенден бери 5 окуучу жана 5 мугалим коронавирус менен ооруган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн