Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте түнкүсүн эркек киши жолдон өткөндөрдү бычак менен кууп, бирөө жаракат алды (сүрөт)

10.08.2020 10:38
1072
Бишкекте түнкүсүн эркек киши жолдон өткөндөрдү бычак менен кууп, бирөө жаракат алды (сүрөт)


Бишкек шаарында 28 жаштагы адам жолдон өткөндөрдү бычак менен кууп, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 8-август күнү саат 22:40 чамасында Бишкек шаарындагы Рыскулов жана Заводской көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши бычак менен көчөдөн өткөндөрдү кубалап жаткандыгы тууралуу 102 кызматына билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерде 1971-жылы туулган С.Э. аттуу адамдын бычактан жаракат алып, бейтапканага жаткырылган.


Ыкчам иликтөө иш-чаранын алкагында шектүү катары 1992-жылы туулган М.Б. кармалып, Ленин райондук ИИБге жеткирилген.


Ага карата 138-берене менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн