Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте 3 килограмм баңгизат менен баңгилик топтун мүчөсү кармалды (видео)

28.12.2021 15:17
1387
Бишкекте 3 килограмм баңгизат менен баңгилик топтун мүчөсү кармалды (видео)

Бишкекте 3 килограмм баңгизат ташыган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизат каражаттарды даярдоо, аларды Ысык-Көл облусунан Чүй облусуна ташуу жана сатуу боюнча кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлган.


Бишкек шаарынын А.Масалиев жана Д.Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тойота-Эстима” маркасындагы авто унаа токтотулуп, анын ичинде Б.Ж. аттуу жаран болгон. Ыкчам маалыматтарга ылайык, Б.Ж. аттуу жаран баңгилик топтун катышуучусу болгон. Ал баңгизат каражаттарын ташуу жана сатуу кызматын аткарып жүргөн.


Жогоруда аталган авто унаага тинтүү жүргүзүү учурунда анын ичинен кара куурай өзгөчө жытына ээ, квадрат формасындагы күкүм аралашма кочкул жашыл өңдөгү заты бар баштык табылып алынган. 


Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 3 кг жалпы салмактагы каннабис чайыры (гашиш) баңгизат каражаты болгон.


Кармалган жаран Бишкек шаарынын № 1 тергөө изоляторуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.


Азыркы учурда аталган баңгилик кылмышка тиешеси бар жарандардын инсандыгын аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан республика боюнча ушуга окшогон фактыларды аныктоого багытталган иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн