Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте 3 кыз эшикти талкалкап кирип, 16 жаштагы кызды тоноп кетти

07.07.2020 09:50
978
Бишкекте 3 кыз эшикти талкалкап кирип, 16 жаштагы кызды тоноп кетти

 

Бишкек шаарынын Келечек жаңы конушунда 16 жаштагы кызды тоногонго шектелип, 3 кыз кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, окуя 6-июлга караган түнү саат 03:30 чамасында болгон. Милицияга Келечек жаңы конушундагы үйлөрдүн бирин тоноп кетти деген чакыруу келип түшкөн. Айтылган дарекке патрулдук милициянын кызматкерлери барганда үйдө жашаган Б.В. аттуу өспүрүм кызды үч кыз карактап кеткени анкталган.


Белгилүү болгондой, кектүү кыздар үйдүн эшигин сындырып кирип 16 жаштагы өспүрүм кызды бычак менен коркутуп, баасы 10 миң сом турган телефонун, паспортун жана косметикаларын алып кетишкен.


Кылмышка шектүү катары 16, 18 жана 20 жаштагы кыздар кармалышкан. Аталган факты "каракчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн