Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 12:06
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

Бишкекте 35 миң сом талап кылган сот аткаруучу кармалды

19.09.2025 10:08
18
Бишкекте 35 миң сом талап кылган сот аткаруучу кармалды


Бишкекте сот аткаруучу тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу, юстициянын капитаны Ж.А.М. тарабынан коорупциялык схема уюштурулган.


Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан алимент өндүрүү маселесин чечип берүү үчүн талап кылып жаткан 35 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалды.


Учурда тергөө амалдары жүрүп, кармалган жаран тарабынан мыйзамсыз иш алып баруусу мүмкүн болгон башка фактылар текшерилүүдө.


УКМК коррупциянын бардык фактыларына, анын ичинде калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттерге катуу бөгөт коюларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн