Баш калаанын райондорунун жаңы аталыштарына багыттама
Жакында Бишкектеги райондордун аталыштары боюнча мурда эле айтылып келаткан маселе дагы бир сыйра козголду. Эгемен өлкө болгондон кийин бул ишти баары бир жасаш керек экени азыр коомчулукта көп деле талкуу жаратпай калганы көрүнүп турат. Болгону анын кандай жолдору бар экенин эске алуу зарыл. Төмөндө баш калаанын райондорунун аталыштарын алмаштыруу боюнча варианттарды салыштыруу аракети болду. Алар төртөө.
1-вариант. “Адам аттары”
Бишкектин райондорунун аталыштарын белгилүү адамдардын атына коюп чыкса болот. Аны же Бишкек шаардык кеңеши же өкмөт же парламент колго алышы мүмкүн.
Оң жагы: Жалпы кыргызга эмгеги сиңген адамдардын аттары коюлуп, коомчулуктан кеңири колдоо тапса тышкы чөйрөдөн эч ким эч нерсе дей албайт.
Терс жагы: Фамилияларды коюуда жердештикке, жеке симпатияга же антипатияга негизделген талаш-тартыштар чыгышы мүмкүн.
2-вариант. “Чылгый география”
Бишкектин райондорунун аталышын географиялык жайгашуусуна жараша атап чыкса болот. Бирок анда батыш, чыгыш, түндүк, түштүк дегенге болбой калат. Себеби райондордун жайгашуусу ага жол бербейт. Алар мындай аталат:
Свердлов району – Түндүк-Чыгыш
Октябрь району – Түштүк-Чыгыш
Ленин району – Түштүк-Батыш
Биринчи май району – Түндүк-Батыш
Оң жагы: Аталыштар бейтарап болот, эч ким фамилия талашпайт.
Терс жагы: 1) Айтылышы эки сөздөн турган сөздөр сиңиши кыйын. 2) Эл көнгүчө адашышы мүмкүн. 3) Мурдагы аталыштардан кутулуш үчүн атайын жасалгандай таасир калтырат.
3-вариант. Географиялык шарттар
Бишкектин райондорун географиялык шартына жараша атап чыкса болот. Мисалы:
Свердлов району - Күнөс
Октябрь району - Бийик
Ленин району – Салкын
Биринчи май району – Жайык (же Түздүк).
Оң жагы: 1) Аталыштар бейтарап болот, эч ким эч кимдин фамилиясы үчүн талашпайт. 2) Айтылышы оңой, элге бат сиңет. 3) Жердин өзгөчөлүгүнө жараша ат койгон кыргыздын мүнөзүнө туура келет.
Терс жагы: Геосаясий жагынан алганда атайын кылгандай көрүнүшү мүмкүн.
4-вариант. Төрт эмес, бир нече район
Бишкек жаңырды, чоңойду. Аны төрт районго эмес, алда канча көп, таптакыр башка негиздеги райондорго бөлүп салып, жаңырган райондордун баарын жалаң кыргызча атап чыкса да болот.
Оң жагы: Бишкектин жаңырган реалдуулугуна туура келет, эртедир-кечтир жасала турган нерсе.
Терс жагы: 1) Кыйла убаралуу, көпкө созула турган иш. 2) Аталыштардын критерийлерин иштеп чыгыш керек болот.
Жогорудагы варианттарды салыштыруудан көрүнүп тургандай, 3-варианттын терс жагы аз, оң жактары баарынан көп. Ошондуктан географиялык шарттарга ылайык Бишкектин райондорунун аттарын Күнөс, Бийик, Салкын, Жайык деп атоо эң ыңгайлуусу болуп турат.
Албетте, бул айтылган сунуш коомчулукта айтылып жаткан ойлорду четке какпайт жана маселени чечүүнүн көп варианттарынын бири гана болуп эсептелет.
Жыргалбек Касаболот
Пикирлер (2)