Баш оона 25, 2025
Убакыт: 18:47
USD
87.10
87.60
EUR
101.70
102.70
RUB
1.070
1.100

Бишкекте 43 жаштагы киши 18 жаштагы кызды бычактап өлтүргөн

25.07.2021 08:07
1143
Бишкекте 43 жаштагы киши 18 жаштагы кызды бычактап өлтүргөн

20-июль күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде аял бычакталды деген билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.


2003-жылы туулган Т.К. ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин аракетине жана көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берененин негезинде (адам өлтүрүү) катталып, шектүү катары 1978-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалган. Ал 5-кабаттан секирип кеткендигине байланыштуу буту сынып, баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылды.


Учурда тергөө иштери уланып жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн