Бишкекте эркек киши 5 килограмм афган гашиши менен кармалды. Бул тууралуу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органынын кызматкерлери 18-апрелде Mitsubishi унаасын токтотушкан. Арткы жүргүнчү отургучунун астынан баштыктар табылып алынып, анын ичинде гашиш болгон. Баңги каражатынын жалпы салмагы 5 килограмм 895 граммды түздү.
Айдоочу А.А. убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. Тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн