Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:20
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте №6, 50, 103 автобустардын жана №172 маршрутканын кыймылы өзгөрдү

18.12.2023 15:44
405
Бишкекте №6, 50, 103 автобустардын жана №172 маршрутканын кыймылы өзгөрдү


Бишкекте ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өтүп, шаардык каттамдарды ачуу, өзгөртүү жана жабуу маселелери каралды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, талкуунун жыйынтыгы боюнча №6, 50, 103 автобустардын жана №172 маршрутканын кыймылын өзгөртүү чечими кабыл алынды:

Тактап айтканда,
- №103 Ак-Ордо конушунан Чоң-Арык айылына чейин 22 бирдик пландуу чыгуусу менен;
- №6 Ак-Ордо конушунан Рухий-Мурас конушуна чейин 19 бирдик пландуу чыгуусу менен;
- №50 «Красный строитель» конушунан «Рухий-Мурас» конушуна чейин 20 бирдик пландуу чыгуусу менен.

Кичи маршруттук каттамдар да өзгөрдү:
- №172 каттам 12-кичи райондон "Учкун" конушуна чейин 18 бирдик пландуу чыгуусу менен;
- №201 «Ак-Ордо-3» конушу - айланма - 20 бирдик пландуу чыгуусу менен.

Эскерте кетсек, жогорудагы автобустар менен кичи автобустардын кыймыл аралыгы 10 мүнөт.

Коомдук транспорт боюнча кайрылуулар үчүн байланыш: 0502 20 52 02 (WhatsApp); Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору: 1850, 1840.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн