Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасы капиталдык оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, оорукана убактылуу бейтаптарды кабыл албайт.
"Ооруканадагы бейтаптар №1 шаардык клиникалык ооруканасына, Улуттук госпиталга, Улуттук кардиологиялык борборуна жиберилет. Бул ооруканаларда атайын бөлүмдөр даярдалган. №6 клиникалык оорукана оңдоого муктаж, ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн