Бүгүн, 27-апрелге карата Бишкек шаарында 69 окуучудан коронавирус, 1 окуучудан пневмания табылды. Мугалимдер арасында 24 коронавирус, 7 пневмания бар. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынан Эльмира Иманалиева билдирди.
26-апрелден тартып 4 мектеп карантинден чыгып, окуу процессин баштаса, кайра 5 мектеп жабылган. Учурда шаар боюнча 14 мектеп карантинге жабылды.
«Эпидемиологиялык кырдаалдын ийгиликтүү өнүгүшү менен биз 29-апрелден баштап бир мектептин, 4-майдан тартып 8 мектептин ачылышын күтүп жатабыз», — деди Иманалиева.
Бишкек шаарында ушул учурда 2 балдар бакчасы карантинге жабылып, 1 мектепке даярдоо группасы 3-майга чейин онлайн сабака өткөрүлгөн. Себеби 5 кызматкеринен коронавирус табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн