Тогуздун айы 27, 2025
Убакыт: 06:28
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.110

Бишкекте №78 мектептин директору Эльнура Музаева дүйнөдөн кайтты

14.07.2020 13:46
2402
Бишкекте №78 мектептин директору Эльнура Музаева дүйнөдөн кайтты


Бишкек шаарындагы №78 мектептин жетекчиси Эльнура Музаева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 


Музаева Эльнура Турдукуловна Талас облусунда 1966-жылдын 18-сентябрында туулган. Билим берүү тармагына 30 жыл өмүрүн арнап, анын ичинен 8 жыл борбордун №78 мектебинин директору болуп эмгектенген. 


"Ал даанышман, адамдык сапаты жогору жетекчи эле. Бишкек шаарынын мэриясы, Билим берүү башкармалыгы Эльнура Турдукуловнанын үй-бүлөсүнө, жакындарына, балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун", - деп айтылат маалыматта. 



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульзат Сагымбаева
Ыйманы саламат болсун!Жакшы эже эле!