Бишкектеги көп кабаттуу батирдин балконунан аял киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылганы кабарланган.
ӨКМнын маалыматына ылайык, Манас кең көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №41а көп кабаттуу үйүнүн 8-кабатындагы батирдин балконунан 2001-жылы туулган кыз секирип өз өмүрүн кыюууга аракет кылган.
"ИИМдин кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызды түшүрүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти ӨКМдан.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, штаб, ИИМ жана "Тез жардам" кызматкерлери тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн