Бишкек шаарында 80 жаштагы кишинин сөөгү батиринен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Октябрь районунда 6-июль күнү саат 09:46да куткаруучулар 8-кичи районунда жайгашкан №33 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1940-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн