Кыргыз Республикасынын Абадан коргонуу күчтөрүнүн кызматкери кесиптешин сабап салды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Абадан коргонуу күчтөрүнүн майору кесиптеш лейтенант менен чырдаша кеткен.
Экөөнүн ортосунда келишпестик мушташка айланган.
Лейтенант Бишкек шаарынын клиникалык жана тез жардам ооруканасына жаткырылган. Ага карата операция жасалган.
Аскердик прокуратура аталган иш боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн