Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 04:32
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте Ала-Арча суусу жээгинен чыгып, шаардын көчөлөрүн суу каптады

15.12.2023 16:51
353
Бишкекте Ала-Арча суусу жээгинен чыгып, шаардын көчөлөрүн суу каптады


Бүгүн, 15-декабрда түштөн кийин Бишкек шаарынын Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча каналынан суу ташып, жолду каптады.

Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” шаар мэриясынын басма сөз кызматы ырастап, учурда ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир, суу чарба башкармалыгынын эки техникасы иштеп жатканын билдирди.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев да жеринен көзөмөлдөп жатканы, "Тазалык" ишканасынын техникалары да тартылганы белгилүү болду.

Мэриянын маалыматына караганда, Ала-Арча суусунун жогору жагында кар көчкү түшүп, суунун көлөмү көбөйгөн. Ошол себептүү каналга суу батпай, ташып кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн