Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Бишкекте Алдыңкы тажрыйбалар борбору ачылды

04.11.2022 08:28
342
Бишкекте Алдыңкы тажрыйбалар борбору ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арайя Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде өткөн Алдыңкы тажрыйбалар борборлорунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинини басма сөз кызматы билдирет.


Ошол эле учурда Балыкчы, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Нарын, Ош жана Токмок шаарларындагы пилоттук колледждерде да ушундай борборлордун ачылыш аземи болуп өттү.


Эдил Байсалов кесиптик билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.


"Биздин негизги ресурсубуз – адамдык капитал. Мындай борборлор аркылуу биз бүтүрүүчүлөрүбүздүн атаандаштыкка жөндөмдүү жана ички жана тышкы эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болушу үчүн кесиптик билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаны жайылтабыз".


Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арайя белгилегендей, борбор иштеп жаткан билим берүү программалары жергиликтүү рыноктун талаптарына канчалык деңгээлде жооп берери жана айрым кесиптер эмгек рыногунда суроо-талапка ээ экендигинин көрсөткүчү болуп калат.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Азия өнүктүрүү банкынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арайя оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийинки Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин абалы менен таанышып чыкты.


Эдил Байсалов белгилегендей, колледжде орнотулган жабдуулар көргөзмөгө коюлбай, студенттер тараптан пайдаланылып, китептер алардын билимин өркүндөтүүчү куралга айланышы керек.


Белгилей кетсек, “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында пилоттук колледждерди реконструкциялоодон кийин 5 млн сомдон ашык каражат үнөмдөлүп, аны республиканын дагы 9 колледжин реконструкциялоого жумшоо пландаштырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн