Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өттү

17.03.2022 15:39
1717
Бишкекте Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өттү


Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында залкар акын, көп кырдуу талант Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өткөрүлдү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, республикалык деңгээлде өткөн айтышка мыкты деп табылган 12 акын катышты.

Айтышта жеңишти Кыргыз Эл артисти Амантай Кутманалиев утуп, ага атайын диплом жана 200 миң өлчөмүндөгү баш байге тапшырылды.

Салтанатта улуу акын коомдук-маданий иштерге жигердүү катышып, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда зор эмгек жумшаганын баса белгиленип, муну менен катар «Айтыш» фондун түптөөдө да негизги ролду ойноп, көптөгөн шакирттерди тарбиялагандыгы айтылды.

Иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Айтыш» фонду менен биргеликте уюштурулду.

Белгилей кетсек, ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевдин «Нарындан жазган салам кат», «Жылкычынын ыры», «Ак шоокум» аттуу белгилүү ырлары элибиздин сүйүктүү чыгармаларына айланып, боордош казак элинде да ырдалып келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн