Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте “Айчүрөк” соода борбору дагы курчоого алынды

19.10.2023 12:35
470
Бишкекте “Айчүрөк” соода борбору дагы курчоого алынды


Бүгүн, 19-октябрда саат 11:18де Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына "Айчүрөк" соода оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда соода борборунан кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланып, имарат курчоого алынды. Тиешелүү кызматтар зарыл чараларды көрүшүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн милицияга ошондой эле Жогорку соттун, Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратына, "Азия Молл" соода жана оюн-зоок комплексине жардыруучу заттар коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн