Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте Айтматов менен Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган "Чыңгыз менен Бүбүсара" спектакли көрсөтүлөт

21.06.2023 13:50
1859
Бишкекте Айтматов менен Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган "Чыңгыз менен Бүбүсара" спектакли көрсөтүлөт


21-22-июнь күндөрү Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган "Чыңгыз менен Бүбүсара" спектакли көрсөтүлөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, чыгарманын автору КР эл жазуучусу жана драматургу Жаныш Кулмамбетов.

Белгиленгендей, спектакль эң алгачкы жолу 2005-жылы Ч.Айтматовдун тирүү кезинде коюлган. 18 жылдан кийин спектакль кайрадан толукталып, жаңыланып, көрүүчүлөргө тартууланганы турат.

Спектакль кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен улуу бийчи кызы Бүбүсайра Бейшеналиеванын улуу махабатын баяндап чагылдырган 2 көшөгөлүү драма.

"Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен улуу бийчи кызы Бүбүсайра Бейшеналиеванын улуу махабаты баяндалган драмага чакырабыз!

Башкы ролдордо: Чыңгыз Айтматов - Өмүрзак Токтомуратов, Бүбүсара Бейшеналиева - Махабат Байгабылова ойнойт.

Башталышы 18:30, билет баасы 200 сом. Дареги: Абдрахманова 230.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн