Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 20:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

26.04.2022 13:41
401
Бишкекте Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

2022-жылдын 26-апрелинде Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль авариясынын кесепеттерин жоюунун 36 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү.



Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары полковник Алмазбек Карасартов, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, “Чернобыль Союзу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, авариянын кесепеттерин жоюучулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин окуучулары катышты.


Коргоо министринин орун басары полковник А.Карасартов өз сөзүндө: “Бул күнү биз оор жана кооптуу шарттарда өз өмүрүн аябастан кырсыкты жоюу үчүн эр жүрөктүк менен күрөшкөндөрдүн алдында башыбызды ийебиз. Булардын каармандыгы жана баатырдыгы менен гана радиациянын андан ары таркап кетиши токтотулду. Кырсыктын кесепеттерин жоюнун катышуучуларына баатырдык иш-аракеттери үчүн чоң ыраазычылк билдирем”- деп баса белгиледи.


Митингдин катышуучулары курман болгондорду эскерип, Чернобыль авариясында курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн