Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 15:53
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Бишкекте Чыңгыз Айтматов эскерилди

12.12.2021 15:29
2073
Бишкекте Чыңгыз Айтматов эскерилди

12-декабрда, Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз элинин сыймыктуу уулу, дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу, даанышман, ойчул Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата анын элесин эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага президенттин кеңешчиси, жазуучу, тарыхчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акын-жазуучулар жана маданият өкүлдөрү катышты.

Эскерүү кече театрлаштырылган спектакль менен башталды. Театр артисттери Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде даярдалган “Маңкурт” спектаклин коюшту. Андагы Найман эне менен Жоламандын баарлашуусу көпчүлүктүн көзүнө жаш алдырды.

Президенттин кеңишчиси Арслан Койчиев 12-декабрь — кыргыз эли үчүн символикалык мааниге ээ күн экендигин айтат.

“Анткени бул күнү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Айтматов кыргыздарды тоодон алып түшүп, алдыңкы улуттардын катарына кошту деп айтылганы бекеринен эмес. Ал адамга болгон сыйыбыздан улам адабият күнүн жыл сайын белгилеп келебиз. Экинчиден, адабиятты баалоого болгон умтулуубуз. Себеби акыркы 30 жыл ичинде экономикалык жактан чоң ийгиликтерге жетишпесек дагы руханий жактан, анын ичинде адабият тармагында ийгиликке жетишсек экен деп талпынуудабыз”, - дейт жазуучу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн