Борбор калаадагы Чоң Чүй каналына бүгүн эртең менен Hyundai Solaris автоунаасы түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Куткаруу кызматына күбөлөр саат 6:02де каналдын Алматы көчөсү менен кесилишкен жерине жеңил автоунаа түшүп кеткенин айтышкан. Атайын техниканын жардамы менен машина суудан тартып чыгарылды. Кырсыктан жабыркагандар жок, унаа Кайгуул милициянын кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн