Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте ИИМ кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү

01.11.2022 12:05
393
Бишкекте ИИМ кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 1-ноябрда Ички иштер министрлигинин жыйындар залында Милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү КР Гимнин аткаруу менен башталды. Жыйындын башында министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, милициянын ардагерлери жана чакырылган коноктор ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган "Мыйзамга кызмат кылуу – Элге кызмат кылуу" темасындагы видеотасманы көрүштү.


Ички иштер министри Улан Ниязбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, каалоо-тилектерин айтты.


“Ардактуу ардагерлер! Урматтуу кыргыз милициясынын жана ички аскерлердин күжүрмөн эр-азаматтары! Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!


Биз таза абийир, жогорку жоопкерчилик сезими менен кызмат өтөп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коюшубуз керек. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана аскер кызматчылары жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо, аларды кылмыштуу кол салуулардан коргоо үчүн көп учурда өз ден-соолугун жана өмүрүн тобокелге салууга туура келет. Ал эми биздин көптөгөн кызматкерлер кесиптик майрамын өз кызматында өз милдетине, антына бекем бойдон белгилешүүдө. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине чын дилимден чың ден-соолукту, бакубатчылыкты, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү, күнүмдүк жашоодо бейпилдикти, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылыкты, Ата-Мекендин жыргалчылыгы үчүн жооптуу жана оор жумуштарыңыздарга ийгиликтерди каалайм” - деди министр.


Кесиптик майрамга карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөр менен айырмаланган бир катар кызматкерлерге КР президентинин, министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин атынан сыйлыктар тапшырылды.


Ички иштер министри кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Ички аскерлеринин өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана милиция кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар мөөнөтүнөн мурда ыйгарылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн