Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы аяктады

17.11.2023 17:28
243
Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы аяктады


Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын алкагында Бишкекте өтүп жаткан КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны өз ишин жыйынтыктады.

Эске сала кетсек, күзгү сессиянын ишине Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын парламенттик делегациялары катышты.

16-17-ноябрь күндөрү күзгү сессиянын алкагында КМШ ПАА Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ Жаштар Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны болуп өттү. Ошондой эле, КМШ ПААнын саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиялары иш алып барды.

Мындан тышкары, шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары жана депутаттары Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына, ошондой эле көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияларга катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн