Өрт учурунда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.
Анын айтымында, өрт жер төлөдөн башталып, имаратты түтүн каптаган.
“Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтаптар операциядан соң өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Өрттөн улам бейтаптар коңшу жайгашкан Кардиология борборунун реанимация бөлүмүнө эвакуацияланган. Бирок, реанимациялык иш-чараларга карабастан эки бейтап көз жумду. Учурда Кардиология борборунун реанимация бөлүмүндө 7 бейтап жатат, алардын экөө чоң киши болсо, жетиси балдар. Учурда бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат”, - деди министр.
Белгилей кетсек, Бишкектеги Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар болсо, ал эми 44ү дарыгерлер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн