Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Япониянын Иватани Гакуэн (Iwatani Gakuen) колледжинин төрагасы Дайсуке Иватани башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар студенттерге жапон тилин үйрөтүү боюнча кызматташуунун багыттарын, билим берүү ресурстарын колдонууну жана Кыргыз-Япон колледжин түзүүнүн келечегин талкуулашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн