Бүгүн, 22-августта Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.
Казакстан лидеринин кортежи “Ынтымак Ордо” имаратына келип, Касым-Жомарт Токаевди президент Садыр Жапаров тосуп алды. Президенттик администрациянын имаратынын алдындагы флагштокторго Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, ардак кароол тизилди.
Президенттер саламдашкандан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, мамлекет башчылары кароолдун катарын айланып чыгышты.
Сапардын алкагында мамлекет башчылары тар чөйрөдө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жетинчи отурумун өткөрүшөт. Ошондой эле тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эки өлкө лидерлеринин катышуусунда “Ынтымак” паркындагы “Достуктун алтын көпүрөсү” монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландаштырылууда.
Сапарга байланыштуу бир катар иш-чаралар, анын ичинде Казакстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Ошто Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын ачылышы болот.
Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн