Бишкекте жаздын келишин билдирген Нооруз майрамынын салтанаттуу аземи борбордук Ала-Тоо аянтында өтүүдө.
Иш-чарага президенттик аппараттын жетекчиси – КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев, шаардыктар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда.
Мындан тышкары, борбор калаанын сейил бактарында башка оюн-зооктор менен коштолгон массалык майрамдар, ошондой эле спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук мелдештер уюштурулууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн