Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин расмий жолугушуусу өттү

12.10.2023 14:06
139
Бишкекте Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин расмий жолугушуусу өттү


Бишкекте президент Садыр Жапаров менен расмий иш сапары менен келген Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуусу өттү.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Өлкө лидерлери саламдашкандан кийин Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырып, Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан соң мамлекет башчылары түзүмдү кыдырып чыгышты.

Андан ары Садыр Жапаров менен Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырып, андан кийин Ардактуу кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын астынан салтанаттуу өтүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн