Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте Telegram аркылуу баңгизат саткандар кармалды (видео)

24.09.2021 10:51
650
Бишкекте Telegram аркылуу баңгизат саткандар кармалды (видео)

Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат таратууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине белгисиз адамдар баңгизатын сактап жүргөндүгү жана "Melvin Power" Телеграм каналы аркылуу аларды Октябрь районунун аймагына таратып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Ж.А. жана 2003-жылы туулган К.З. аттуу жарандар кармалып, Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шектүү адамдардын катышуусу менен атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери баңгизат каражаттары коюлган жерлерди аныкташып, бардык зарыл болгон экспертизаларды дайындашты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн