TикТок платформасынын бийлик органдары менен байланыш жана корпоративдик маселелер боюнча Борбор Азия жана Чыгыш Европадагы директору Сергей Соколов кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов учурда кыргыз өкмөтү менен ТикТоктун өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын ырастады.
"Биз жаш курак боюнча чектөө киргизүү, платформанын тартиптерин Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келтирүү сыяктуу талаптарды койгонбуз. Азыр алар техникалык жактан да кыйынчылык болуп жатканын айтышууда. Бул сүйлөшүүлөр уланат", - деди Ибрагимов.
ЭСке салсак, 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн