Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте УКМКнын кызматкери 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

16.07.2021 11:36
881
Бишкекте УКМКнын кызматкери 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Бишкек шаарынын тургуну УКМКнын кызматкерин зордуктоого аракет жасаган деп айыптады.


Айзирек (аты өзгөртүлдү) бүгүн, 16-июлда АКИpress агенттигине окуя 3-июнга караган түнү Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында болгонун билдирди.


Өзүнүн айтымында, жумушундагы жетекчиси менен үйүнө бара жаткан. Башка унаада Темирлан аттуу жаран сүйлөшкөн кызы менен бараткан. Айзирек Темирлан УКМКнын кызматкери экенин белгиледи.


Андан кийин Темирлан Айзирекке үйүнө жеткирип коюуну сунуштаган. Айзирек анын сунушуна макул болгон, себеби унаасында кыз киши бар болчу. Ал эми анын жетекчиси башка жол менен кетмек.


«Темирлан биринчи сүйлөшкөн кызын, андан кийин мени жеткирерин айтты. Сүйлөшкөн кызын үйүнө таштагандан кийин унаасын Беш-Күнгөй айылына айдады. Мени унаадан түшүрүп коюу же артка кайтуу тууралуу өтүнүчтөрүмө жооп берген жок», - деди Айзирек.


Андан соң Темирлан ага асылып баштаган. Айзирек качып кетүүгө аракеттенген, бирок Темирлан ага мүмкүнчүлүк берген эмес. Мунун баарын Айзирек аудиого жаздырып алган. Ал аудиону АКИpress агенттиги менен да бөлүштү.


Айзирек үйүнө эртең мененки саат жетиде барган. Ал Темирланды Бишкек шаарына барууга көндүргөн. Шаардын борборуна жеткенде качып кеткен.


Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы да АКИpress агенттигине окуя тууралуу маалымат берди.


Алардын билдирүүсүнө караганда, 2002-жылы туулган К.А. 4-июнда милицияга кайрылган. Ал 3-июнда 3:30 чамасында чала тааныш жигит зордуктоого аракет кылганын билдирген. Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 39-161-беренеси (Зордуктоого аракет жасоо) менен катталган.


Сурак учурунда Айзирек шектүү менен жумушундагы жетекчисинин досунун үйүнөн таанышканын айткан. Ал жактан шектүү Айзиректи үйүнө жеткирип коюуну сунуштаган, бирок жолдон унаасында зордуктоого аркеттенген.


Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал 1993-жылы туулган А.Т. экени белгилүү болду.


А.Т. айыптоолорду четке кагууда.


Тергөө уланууда.


Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы аталган окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди.


Булак: АКИпресс

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн