Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 10:40
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү (видео,фото)

09.05.2021 11:33
1055
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү  (видео,фото)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.


Мамлекет башчысы Түбөлүк отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды.


Митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.


Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын Жеңиш аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн