Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте абактын ордуна курула турган ипотекалык үйдүн баасы айтылды

05.04.2023 11:08
364
Бишкекте абактын ордуна курула турган ипотекалык үйдүн баасы айтылды

Бишкектеги №47 колониянын ордуна курула турган үйлөрдүн баасы чарчы метрине 550 АКШ долларынан ашпайт. Бул тууралуу ЖКнын бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик ипотека компаниясынын (МИК) башкаруучулугунун төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.



Анын айтуусуна караганда, батирлер толугу менен ремонттолуп, даяр болот. Жалпы аянты 8,8 гектарды түзгөн жерге 11 блок курулуп, ал жерде 5 миң батир болот. Үйлөр монолиттен салынат.


Төлөгөнова кошумчалагандай, ошондой эле ал жерге балдар бакчасын, мектеп, спорт аянтчасын, от казан жана эки унаа токтотуучу жай куруу каралган.


Курулуш иштерин "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы жүргүзөт. "Курулуш компаниясын аныктоо боюнча тендер болгон жок, бирок министрлер кабинетинин токтому бар", - деди ал.


Комитет объектти куруу үчүн МИКке 1 млрд сом бөлүм берүүгө макулдугун берди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бейшенбаев Усен
Кандай жол менен кайсыл адрестен байланышсак болот