Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкекте адам уурдоо фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бишкекте адам уурдоо фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


УКМК тарабынан адам уурдоо фактысы боюнча К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. аттуу кылмыштуу топтор кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалым болгондой, 2023-жылдын 19-февралында Бишкек шаарынын аймагында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен. Андан кийин, аталган А.Т. аттуу жаранды эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине 3 күн кармашып, күч колдонуу менен коркутуп, 3000 АКШ доллар талап кылышкан.


  Учурда КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

 

 Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана ошондой эле жаштардын спорттук бөлүгүн кылмыштуу элементтерге тартылып кетүүсүн алдын алуу иштерин улантууда.

    Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн