Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте акча талап кылган рэкеттер кармалды (видео)

Бишкекте акча талап кылган рэкеттер кармалды (видео)

Бишкек шаарында акча талап кылган шектүү кармалды, деп билдирди бүгүн, 25-майда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.


Бишкек шаарынын тургуну 2021-жылдын январь айынан тарта апрелге чейин Бектур жана Айбек (ысымы өзгөртүлдү) аттуу рэкеттерден жабыр тартып келген. Алар акыркы жолу Анкара көчөсүнөн автоунаага күч менен отургузуп, өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп тааныштырышкан.


Рэкеттер андан 1000 доллар талап кылышкан.


Жабырлануучу тарап милиция кызматкерлерине 14-майда кайрылып, бул факт Жазык кодексинин 203-беренеси менен катталды. Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан көп узабай 1981-жылы туулган М.Б., 1990-жылы туулган С.А. кармалды. Расмий маалымат боюнча, шектүү С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп ИИМдин каттоосунда турат.


Алардын башка кылмыштарга тиешесин тактоо, тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн