Бишкекте акыркы коңгуроо аземин кадимки форматта өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева 24.kg агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, мектеп окуучулары үчүн иш-чаралар онлайн режиминде өткөрүлүшү керек.
"Биз оффлайн режимин талап кылабыз. Балдар деле мектепке барып, бири-бири менен пикир алышып турушат. Акыркы коңгуроого тыюу салуунун кереги жок эсептейбиз. Ал эми алгоритмдерди жана бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын сакталышын эске алып, жоопкерчиликти мойнубузга алып, борбор калаадагы мектептерде иш-чара өткөрүүгө даярбыз”, - деди Виктория Мозгачева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн