Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте асма жол системасынын долбоорун ишке ашыруу качан башталары айтылды

09.02.2024 11:42
344
Бишкекте асма жол системасынын долбоорун ишке ашыруу качан башталары айтылды


Бишкек шаарында асма жол системасынын долбоорун ишке ашыруунун башталышы 2024-жылдын экинчи кварталына, ал эми аны аяктоо 2025-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалевдин 100 күндүн жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат.


Варианттардын бири катары Манас проспектисин бойлой Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралына чейин 6 км узундуктагы, суткасына 50 миңден 100 миңге чейин киши өткөрө турган асма жолдун курулушу каралууда.


Долбоорду каржылоону жергиликтүү бюджеттен, инвестор жана карыздык каражаттарды тартуу пландалууда.


Белгилей кетсек, январдын аягында Флумус шаарында (Швейцария) Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен асма жол системалары тармагындагы компаниянын ээси жана президенти Роланд Бартолеттин жолугушуусу болуп өттү.


Жыйында кызматташуу боюнча алкактык келишимге кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилген.


Мэрдин буйругу менен тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн