Теке 27, 2024
Убакыт: 09:07
USD
EUR
RUB

Бишкекте асма жолдун курулушу качан башталары айтылды

22.02.2024 10:11
350
Бишкекте асма жолдун курулушу качан башталары айтылды


Бишкекте асма жолдун курулушун майдын аягы, июнда баштоо пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына маалымат берип жатып билдирди.


"Асма жол боюнча чечим кабыл алынып, жумушчу топ түзүлдү. 27-28-февралда Швейцариядагы ири компаниядан адис келип, келишим түзүлөт. Аркан жол Жибек Жолу проспектинен тарта Түштүк магистралга чейин Манас проспектинин үстүнөн тартылат. Алдын ала долбоор жактырылды. Буюрса майдын аягы, июндун башында капсула салынат", — деди Сазыкулов.


Ал асма жол эксплуатацияга кийинки жылдын үчүнчү кварталында берилип каларын белгиледи.


"Азыр кандай, канча орундуу кабина жасайбыз деп карап жатабыз. Асма жол күнүнө 100 миң жүргүнчүгө чейин ташый алат, 65 кабина болот. Долбоор 50-60 миллион долларга бааланууда", — деди вице-мэр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн