Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте аял тигүүчүлүк үчүн казакстандык аялдан 24,5 миллион сом алып, дайынсыз кеткен

27.07.2022 17:39
468
Бишкекте аял тигүүчүлүк үчүн казакстандык аялдан 24,5 миллион сом алып, дайынсыз кеткен


Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды.


Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 17-мартында милиция кызматкерлерине Казакстандын жараны К.А. кайрылып, Ж.Т аттуу жаран февраль айында андан 24 миллион 779 миң сомун алып кеткендигин билдирген. Анын ордуна ал кийим тигүүнү убада кылган. Бирок ал убадасын аткарбай, көздөн кайым болду.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө тергөөчүлөр кылмышка шектүү — 1990-жылы туулган Ж.Т.


Ал бир айга камакка алынып, СИЗО-1ге камалды.


Милиция кылмышка шектүүнүн аракетинен жабыркагандардан 0500 15 11 11, 0703 00 72 64 же 102 телефон номурларына кайрылууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн