Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 07:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте аял жана анын эки баласынын өлтүрүлүшү боюнча соттук отурум өттү

11.07.2023 16:15
626
Бишкекте аял жана анын эки баласынын өлтүрүлүшү боюнча соттук отурум өттү


Бишкекте мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрдү делген Чынтемир Аширалиевдин иши боюнча сот отуруму бүгүн Октябрь райондук сотунда башталды.

Жыйында прокурор шектүү издеринин баарын жок кылууга аракет кылганын айтты. 

"2012-жылы Аширалиев маркум менен кайрадан жолуккан. Ошол эле учурда, алар мамиле башташкан. 2014-жылы Алтынай Канзаманова андан уулдуу болгон. Аял көңүл бурууну, анын ичинде каржылык жардам сураган. Ал мыйзамдуу аялына баарын айтам деп, Аширалиевди шантаж кылган. 15-февралда аял айыпталуучуга телефон чалып, аялына баарын айтып берерин кайрадан айткан. Ошол күнү Аширалиев маркумдун үйүнө келип, балдардын келишин күтүп отурган", — деди мамлекеттик айыптоочу.

Балдар келип, алар бөлмөлөрүнө тарап кеткенде Алтынай Канзамановага бычак менен 9 жолу жаракат келтирген. Андан соң кызынын бөлмөсүнө барып бычак сайып, анан муунта баштаган. Кыз өлдү деп ойлоп, уктап жаткан уулун  жаздык менен муунтуп өлтүргөн.

Соттолуучу андан ары эмне кыларын ойлонуп баштагандан кийин кыздын бөлмөсүнөн ызы-чуу угулган. Ал жерден анын терезеден кулап түшкөнүн көрүп, Аширалиев анын артынан түшүп кеткен. Кире бериште айыпталуучу көзөмөл камерасын байкап калып, аны сындырууга аракет кылган, бирок ал ишке ашпай калган. Ал сыртка чыгып, кыздын көтөрүп, батирге киргизген – мунун баары камерага жазылып калган.

Аширалиев анын сөөгүн ваннага салып, чөктүргөн. Соттолуучу Алтынай Канзаманова спирт ичимдигин ичип отуруп, кызы менен уруша кетип, кыз апасын өлтүрүп, кийин өз жанын кыю үчүн ваннага чөккөн сыяктуу көрүнүшү үчүн ал бир бөтөлкө арак сатып алып, денесине кошумча жаракат келтирип, кыздын сөөгүнөнүн жана бычак коюп койгон, дейт мамлекеттик айыптоочу.

Ал эми соттолуучу күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.

Сот отуруму 26-июлга жылдырылды. Буга маркумдун эжеси көрсөтмөнү орус тилинде толук бере албаганы себеп болду. Кийинки отурумга котормочу алынат.

Белгилей кетсек, мыйзам ылайык жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. 

Эскерте кетсек, 16-февраль күнү 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектелип аялдын мурда жарандык никеде жашаган 37 жаштагы күйөөсү кармалган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн