Бүгүн, 31-январда аялын сабаган жаранга карата Ленин районунун соту өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 32-жаштагы А.Д. жубайын сабаганы үчүн 7 суткага камакка алынды.
Буга чейин анын жубайы жолдошуна карата эч кандай доосу жок экенин билдирген.
Эскерте кетсек, 30-январь күнү кечинде Бишкек шаарынын Ахунбаев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши өзүнүн аялын сабап жатканы тууралуу видео тараган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн